Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мүлкү мамлекетке өткөнүн жарыялады. Атайын кызмат ишкерди мыйзамcыз иштерге айыптап жатат. Абдыкеримов ким эле жана анын мүлкүнүн мамлекетке өтүшүнүн жагдайлары кандай?
Шаршенбек Абдыкеримов бир кезде жергиликтүү медиалардын бирине “Аю” холдингин кантип өнүктүргөнүн мындайча айтып берген.
“Акаевдин убагында аябай оор болчу. Бакиевдин убагын деле көрдүк. Акаев менен Бакиевдин убагынан, мисалы, 2010-жылга чейин менин үч эле заводум бар болчу. “Аю” арак чыгарган заводум, “Артезиан” деген суу менен тан чыгарган заводум жана үчүнчүсү, консерва чыгарган заводду жаңы баштап аткан болчубуз. 2010-жылга чейин мен Кыргызстанга завод салгандан коркуп калгам. Салган үч заводумду эле иштетейин деп, башка салчу эмесмин. 2010-жылдан кийин 2017-жылга чейин мен кыркка жакын завод салдым”.
Дагы караңыз Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алындыБүтүндөй бизнес-империя мамлекеттин колуна алынды
Эл арасында “Шаки” деген каймана аты менен таанымал ири ишкер, өзүнө кырктай компанияны камтыган “Аю” холдингинин кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов учурда Кыргызстанда эмес. Соңку жылдары өлкөдөн чыгып кетип, артынан ага каршы бир катар кылмыш иштери ачылган жана эл аралык издөө жарыяланган. Аны камакка алуу боюнча сыртынан сот чечими да чыккан.
Быйыл 15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Аю” холдингинин негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирди.
“Сотко чейинки өндүрүшкө негизделген тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында “Аю” көп профилдүү холдингинин ээси А.Ш.Ш. тарабынан мамлекеттик органдарга берилген жасалма каржылык документтерди пайдалануу аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча өлкөнүн колдонуудагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. “Аю” холдингинин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу боюнча, ошондой эле компаниянын экономикалык ишине мыйзамдулуктун көрүнүшүн берүү максатында мүлктүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшыруу схемасы системалуу түрдө иштеп келгени аныкталган”, - деп кабарлады мекеме.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Шаршенбек Абдыкеримов жалпы наркы 10 млрд сомдон ашкан соода-оюн-зоок борборлорун, өнөр жай базаларын жана коммерциялык жайларды мамлекетке өткөрүп берген. Алардын арасында Бишкектеги “АЮ Гранд”, “Томми молл” соода борборлору, өнөр жай ишканалары, Ысык-Көлдөгү коттеждер жана бир катар имараттар бар.
Шаршенбек Абдыкеримов же анын жакындары ага козголгон иш жана “Аю” холдингинин айланасындагы иштер тууралуу комментарий бере элек.
Коопсуздук комитетинин маалыматында бул мүлктү мамлекетке алуу боюнча соттун кандайдыр бир чечимдери жөнүндө айтылган эмес. Сотко чейинки тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында алынганы кабарланган. Бишкек шаардык соту менен Биринчи май райондук соттору Абдыкеримовдун мүлкүнө байланыштуу сот чечимдери жок экенин билдиришти.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан.
“Аю” холдинги мындан 20 жылдан ашык мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “Аю Курулуш”, “Аю Гранд”, “Аю Лизинг”, “Аю Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар. Анын негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов издөөдө жүрөт. Анын кайда экени белгисиз. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “Аю” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкерине өкүм чыгарган.
Бизнесин тартып алуу тартипке салуунун жалгыз жолубу?
“Аю” холдингинин бүт компаниялары менен мүлкүн мамлекетке алуу иши Кыргызстандагы эң ири жараяндардын бири болуп турат. Буга чейин экс-бажычы, коррупцияга байланыштуу соттолгон Райымбек Матраимов менен маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин миллиарддаган сомдук мүлкү конфискацияланган болчу.
Кандайдыр бир мыйзамдуулукту же тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн ишканаларды, менчик мүлктү жана каражаттарды мамлекетке алууда комиссиялык тартипте жана ачык-айкындуулук менен иш алып барууну жактаган пикирлер айтылып келет.
Саясат талдоочу Мавлян Аскарбеков өлкө жетекчилеринин бийликти борборлоштуруу жана экономиканы түздөн-түз башкаруу ыкмаларын колдонуп жаткандай сезим калтырарын айтат. Ал ишкерлерди коркутуу, суракка алуу жана “кустуруу” иштери экономикага балта чабарын белгилейт:
“Бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде гана болгондо, соттун чечиминин, биздин Конституцияда, мыйзамдарда жазылган ченемдерге ылайык болгондо, мүмкүн ошондо калыстык, акыйкаттык орногондо ички инвесторлор дагы, тышкы инвесторлор дагы ишенүү менен мамиле кылмак. Тилекке каршы, азыркы процесстерди көрүп атып мен, ачыгын эле айтайын, тышкы инвестор эмес, биздин ички инвесторлор, ички ишкерлер бүгүн толук бизнес аракеттерин, долбоорлорун, инвестицияларын токтотуп, мен билгенден бир топ ири жана орто ишкерлер чет өлкөлөргө чыгып кетишти. Бул менин сөзүм эмес, маалымат каражаттарында жазылып жатат. Ошол эле Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Дубай – ушундай мамлекеттерге көптөгөн ички инвесторлор чыгып кетти”.
Дагы караңыз УКМК “Аю Холдингдин” мурдагы президенти кармалганын билдирди"Шаки" жалгыз калганда...
Кыргызстандагы эң ири алкомагнат деп таанылган Шаршенбек Абдыкеримов 2011-2021-жылдары Кыргызстандын күрөш федерациясын, 2015-2021-жылдары Улуттук олимпиада комитетин жетектеп турду.
Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышында депутат болгон. 2010-жылы “Кыргызстан” партиясын түптөгөн. Партия 2015 жана 2020-жылдардагы парламенттик шайлоолордо үчүнчү орунда келген. 2020-жылдагы октябрь окуяларында партия лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин спикери Канатбек Исаев бир күн президенттин милдетин аткарган. Кийин президенттик шайлоого катышып, атаандашы Садыр Жапаровду кескин сындап чыккан. Ошондон бери Исаевдин да, Абдыкеримовдун да иши тескерисинен кетип, катар-катар кылмыш иштери козголуп келет.
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова атамекендик ишкерлерди колдоп, кемчиликтерин түздөп туруу керектигин айтат:
“Бул маселе боюнча мен азыр компетенттүү эч нерсе айта албайм. Эмне үчүн ушундай болуп атат, тергөөнүн ичинде кандай иштер болуп атат? Бирок, мен ойлойм, өзүбүздүн атамекендик ишкерлерибизге биз кайра жардам беришибиз керек. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп аткан болсо, чакырып сүйлөшүп. Эми кыргызбыз да, бир калкпыз. Ошол маселелерди өзүбүзчө отуруп чечип, жасасак туура болмок. Бирок, азыр ушундай болуп атат эми...”.
Буга чейин ири ишкерлер менен саясатчылар Абдыкеримовдун ишкерликтеги ийгиликтери тууралуу жылуу пикирлерин билдирип келишкен. Ал тууралуу ырлар жазылып, мактоо сөздөрү берешендик менен жаап турчу.
Азыр “Шаки” тууралуу кандайдыр пикир табуу кыйынчылык жаратып турган чак.