Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев 17-сентябрда 69 жашында көз жумду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси, тарыхчы Арслан Койчиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Жусуп Матаев 1956-жылы Жалал-Абад облусунун Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. Ал 2004-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. 1978–1984-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик сүрөт фондусунда, 1984–1992-жылдары Нарын облусунда ушул эле фонддун филиалында көркөм жасалгалоочу болуп иштеген. Кытайдын Үрүмчү шаарындагы ҮЕМА компаниясында сүрөтчү болуп эмгектенген.
2008-жылы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде, 2012-жылы Үрүмчү шаарындагы Санат университетинде жеке көргөзмөсү өткөн. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө, Германия, Австрия, Австралия, Жапония, Италия, Франция, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө катышкан.
Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилип кабыл алынган. Авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
2023-жылы Жогорку Кеңеште мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 22-декабрында кол койгон. Мыйзамга ылайык, тууда күндүн кырк нуру түндүктөн өзүнчө болуп, чамгарак үчтөн төрткө көбөйтүлгөн. (BTo)