Журналисттерди коргоо комитети “Клооптун” мурдагы операторлоруна чыккан өкүмдү айыптады

Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) “Клооп” порталынын мурдагы операторлору Александр Александров жана Жоомарт Дуулатовго карата сот чечимин айыптап, аларды бошотууга чакырды.

Уюм 17-сентябрда тараткан билдирүүсүндө эки операторду беш жылга кесүү боюнча чечимди абсурд деп атап, "кыргыз бийлиги жогорку деңгээлдеги коррупция тууралуу чагылдырган медиалардын оозун басуу үчүн кандай кадамдарга барарын көрсөттү” деп жазды.

Уюм Кыргызстан "эркин медианын уясынан журналисттерди аткарган иши үчүн абакка камаган өлкөгө айланды" деп, кыргыз бийлигин Жоомарт Дуулатовду, Александр Александровду жана Temirov Live медиасынын камактагы директору Махабат Тажыбек кызын абактан бошотууга чакырды.

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Клооптун” мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровду күнөөлүү деп таап, беш жылдан абакка кести. Андан тышкары басылманын эки эсепчисин да айыптуу деп таап, беш жылдан абакка кесип, үч жылдык пробация менен эркиндикте калтырды.

Адвокаттар коюлган кинелер боюнча бир да далил жок экенин айтып, актоону өтүнгөн. Абакка кесилген операторлордун кесиптештери соттун чечими эч негизсиз жана адилетсиз болгонун айтып, өлкөдөгү сөз эркиндигине чоң кысымдын белгиси катары сыпаттап жатышат.

“Клооп” 16-сентябрда Биринчи май райондук сотунда өткөн соттук отурумда Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров тергөөдө коюлган күнөөнү мойнуна алган мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартышканын жазган.

Александров менен Дуулатовду УКМК быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну четке каккан.

Дагы караңыз

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев көз жумдуПрезидент Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү мыйзамына кол койдуКүрөш: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медал алдыИран бийлиги Махса Аминини эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө жол берген жок