Сокулукта акимдин орун басары жер сатуудагы коррупцияга шек саналып кармалды

Сокулук районунун акиминин орун басары.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Сокулук районунун акиминин орун басары коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматында тергөөдө 2012-жылдан бери жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер мыйзамсыз түрдө жеке турак жай куруу категориясына которулуп, андан ары адамдарга сатылып кеткени аныкталган. Ошондой эле бир эле жер бир нече кишиге сатылып, кардарлар акчадан же жер тилкеден жок калган фактылар такталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, буга чейин ири жер ээлери болуп саналган беш адам (К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А., К.А.) кармалган. 16-сентябрда Сокулук районунун акиминин орун басары (С.Р.) да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган шектүүнүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)


Дагы караңыз

Бишкектеги мектептерге 500гө жакын мугалим жетишпейтМамлекеттик туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев көз жумдуПрезидент Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү мыйзамына кол койдуКүрөш: Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында күмүш медал алдыИран бийлиги Махса Аминини эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө жол берген жокАКШ жаңы схеманын алкагында Украинага курал-жарак жөнөтүүнү жактырды