17-сентябрда 76 жашында маданиятка эмгек сиңирген ишмер, журналист Үсөн Касыбеков оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу уулу Азамат Касыбеков билдирди.
Үсөн Касыбеков 1949-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Шамшы айылында туулган. Москвадагы Максим Горький атындагы адабий институтту аяктаган.
Бир нече жыл Улуттук илимдер академиясында илимий иштер менен алектенип, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Кыргызстан эл аралык университетинде иштеген.
“Асаба”, “Кыргыз туусу”, “Литературный Кыргызстан”, “Фабула” жана башка бир катар басылмаларда эмгектенген. Ал СССР Журналисттер союзунун жана Кыргызстан көз карандысыз жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.
“Азаттыктын” эмгек жамааты Үсөн Касыбековдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. (BTo)