Украинанын армиясы 18-сентябрга караган түнү жана эртең менен Орусиянын алыскы аймактарындагы мунайды кайра иштеткен заводдорго сокку урду.
Дрондор негизинен Башкырстандагы мунайхимиялык комплексти бутага алган.
Салават шаарындагы "Газпром нефтехим Салават" ишканасына сокку урулганын украиналык Exilenova+ Телеграм-каналы билдирип, калаанын үстүндө көтөрүлгөн коюу түтүндүн сүрөт, видеолорун жарыялады.
Аталган каналдын маалыматына караганда, бул шаар согуш аймагынан 1400 чакырым алыстыкта жайгашкан, соккуда мунайды кайра иштетүүдө колдонулган жабдык иштен чыккан.
Башкырстандын башчысы Радий Хабиров заводго сокку урулганын ырастады. Каза тапкандар, жараат алгандар жок экенин айтты.
Украинанын Атайын операциялар күчтөрү бейшембиге караган түнү Орусиянын Волгограддагы мунай заводуна ("Лукойл-Волгограднефтепереработка") сокку урулганын билдирди.
Маалыматта бул ишкана жылына 15,7 млн тонна мунайды кайра иштетерин, бул Орусиядагы мунайды кайра иштетүүнүн 5,6% түзөрүн, чабуулдун натыйжасында заводдун иши токтоп калганын кошумчалады.
Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров абадан коргонуу күчтөрү түндө учкучсуз аппараттардын жапырт чабуулунун мизин кайтарганын, Красноармейск районунда дрондун сыныгы кулаганда эки жеке турак жайдын терезелери күбүлүп, чатырларына зыян келтирилгенин кабарлады. Ал мунай заводуна сокку тууралуу маалымат берген жок.