Швеция өзбекстандык 30 эркек, беш аял мигрантты атайын рейс менен Ташкентке жеткиргени кабарланды. Анын алдында Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандык дагы 70 мигрант мекенине кайтарылганы маалым болгон. Швециянын бийликтери билдиргендей, депортацияга башпаанек сураган арызы четке кагылгандар, өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр туш болууда.
Францияда жашаган укук коргоочу Надежда Атаева Швециядан чыгарылгандардын көбү иммиграциялык мыйзамдарды бузгандар болгону менен, арасында документтери барлар, айрыкча Өзбекстанга кайтып барса саясий, диний көз карашы үчүн куугунтукка кабылышы мүмкүн адамдар бар экенине тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, миграциялык документтери колунда бар бир өзбек жараны Стокгольмдогу ресторанда отурган жеринен кармалып, бир нече күндөн кийин Самаркандга жеткирилген.
Швециянын бийликтери апрель айында миграциялык мыйзамдарын өзгөртүп, башпаанек сураган кишинин арызы четке кагылса, андай жаран дароо өлкөдөн чыгып кетип, беш жылдан кийин гана аппеляциялык арыз бере алат деген эреже киргизген. Ошондон бери башпаанек алалбай жүргөндөрдү депортациялоо күчөдү. Ушу тапта качкындарды кармоо лагерлеринде Борбор Азиядан барган ондогон адам чечимди күтүп отурганы кабарланды. Швецияда расмий маалымат боюнча, 6000дей өзбекстандык бар, бейрасмий эсеп боюнча алардын саны 20 миңге чукулдайт.
Быйыл июнь айында Швеция менен Өзбекстандын өкмөттөрү мыйзамдуу түрдө өзбек мигранттарын курулуш, тейлөө, медицина тармагына ишке чакырууну макулдашкан. Жылына канча өзбекстандыкка эмгек квотасы берилери так айтылган эмес.