Орусия Украинага миң аскердин сөөгүн берди

Тараптардын сөөк алмашуу жараяны. (архивдик сүрөт)

18-сентябрда Орусия жана Украина каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алмашты.

Украинанын туткундар боюнча Координациялык штабы кабарлагандай, өлкөгө каза болгон 1000 аскердин сөөгү кайтарылды. Маалыматта жакынкы күндөрү сөөктөрдү идентификациядан өткөрүү иштери аткарылары белгиленди. Буга чейин украин тарап Орусия аларга өткөрүп бергендердин арасында орус жарандарынын да сөөгү чыкканын кабарлаган.

Украина өз кезегинде Орусия тарапка 24 аскердин сөөгүн берди.

Буга чейин 19-августта тараптар ортосунда алмашуу жараяны орун алган. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, мурдагы алмашуу учурунда Орусия Киевге башка өлкөлөрдүн жараны болгон 20 адамдын сөөгүн өткөрүп берген.

Май айындагы Стамбул сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимге ылайык, Орусия менен Украина 10-июндан бери бир канча жолу туткун жана аскерлердин сөөгүн алмашкан. (AiA)

Дагы караңыз

Дрон чабуулунан Украинада кампалар, Орусияда мунай ишканасы өрттөндүПрокурор укук коргоочу Рита Карасартованы 10 жылга абакка кесүүнү сурадыТокторбаев "Ош Сити" шаарчасынын курулушу кечеңдеп жатат деп сындады