Украина Орусиянын дрон чабуулу уланганын билдирди

Учкучсуз учак.

19-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагын 86 учкучсуз учак менен бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Дрондордун 71ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, алты жерде 15 дрон жерге түшүп, адамдар жабыркаганы маалымдалды.

Киев жана Павлоград шаарларында дрон чабуулунун кесепетинен кеминде эки киши жараат алганы белгилүү болду. Павлоградда, жергиликтүү бийлик маалымдагандай, бир нече жерде өрт чыккан.

Ал тапта Украина бийлиги дрондорду токтотуп калуучу учкучсуз учактарды көбүрөөк чыгарууну пландап жатканын өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Министр Денис Шмыгаль мындай чара Орусиянын жапырт чабуулдарынан коргонуу аракети экенин, орус аскерлери бир түндө 800гө чейин дрон учуруп жатса, аларга туруштук бериш үчүн Украинага күнүнө 1000 дрон керек экенин айтты.

Министрдин билдиришинче, дрондун иштешине зарыл болгон башкаруучу комплекстерди жасоодо мындай көлөмгө Украина жакын арада жетише алат. (RK)

Дагы караңыз

"Пробация менен чыкканыма жаным кейиди, бирок балдарымдын жанындамын". Карасартовага чыккан өкүм, иштин чоо-жайыАКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа боюнча резолюциясын колдогон жокОрусиянын Башкырстан, Волгограддагы мунай заводдоруна дрон соккусу болду Сот Карасартованы күнөөлүү деп таап, беш жылдык пробация менен бошотту