ХАМАС барымтага алынгандардын жана Ливанда жоголгон учкучтун сүрөтүн жарыялады

Газа сектору

АКШ менен Европада террордук деп табылган ХАМАС тобу Газа секторунда кармалып турган туткундардын сүрөтүн жарыялады. Ар бир кишинин сүрөттөрүнүн алдында: "Рон Арад 2", "Рон Арад 3", "Рон Арад 3" деп уланган сөз жазылган.

Рон Арад 1988-жылы Ливанда дайынсыз жоголгон израилдик учкуч. Анын өзүнүн сүрөтү ХАМАС жарыялаган сүрөттө биринчи болуп турат.

ХАМАС Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху сүйлөшүүдөн баш тарткандыктан, "коштошуу сүрөтүн жарыялап жатканын" кабарлады.

Куралдуу топтун билдирүүсүндө туткундар Газа секторунун ар кайсы аймактарына бөлүнгөнү жана ХАМАС "Израил сыяктуу эле алардын коопсуздугуна жооп бергиси келбей турганы" жазылган.

"Туткундар силер бомбалай турган жерлерде болуп калышы мүмкүн", — деп айтылат ХАМАС тобунун билдирүүсүндө.

Израил бийлигинин соңку маалыматына караганда, азыр террорчулардын колунда 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган 47 туткун болушу мүмкүн. Мындан тышкары 2014-жылы каза болгон жоокердин сөөгү да согушкерлердин колунда. Барымтадагылардын 20 чактысы гана тирүү деген маалымат айтылган.

Дагы караңыз

Чехия: НАТО өз мейкиндигин бузганы үчүн Орусияга татыктуу жооп кайтарышы керек