Urban Night Fest иш-чарасында шаарды өнүктүрүү маселеси талкууланды

"Urban Night Fest" иш-чарасынын логотиби.

20-сентябрь күнү борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында туруктуу өнүгүү, заманбап технологиялар жана социалдык жоопкерчилик идеяларын бириктирген Urban Night Fest деп аталган иш-чара өттү. Фестиваль жандуу музыка жана жарманке менен коштолду.

Иш-чарада маданиятты, шаарды өнүктүрүү, тарыхый-маданий жайларга жаңыча көз караш менен кароо сыяктуу демилгелер ортого салынды. Ошондой эле фестивалдын катышуучулары транспорт жана мобилдүүлүк, таза технологиялар жана жашыл инновациялар, экономика менен ишкердиктин шаарды жакшыртуудагы ролу талкууланды.

Мындан тышкары катышуучулар жеке маалыматын (CV) даярдоо, эссе жазуу, маектен өтүү боюнча кеңештер, чет өлкөдө окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат ала алышты.

Уюштуруучулардын белгилешинче, Urban Night Fest Bishkek 2025 Борбор Азия Урбан фестивалдар кербенинин бир бөлүгү жана Go Viral программасынын алкагында өттү.

Дагы караңыз

Бишкекте жеңил машинеге зыян келтирген экскаватордун айдоочусу кармалдыБишкекте ак илбирсти коргоого арналган марафон өтүп жататХАМАС барымтага алынгандардын жана Ливанда жоголгон учкучтун сүрөтүн жарыялады Чехия: НАТО өз мейкиндигин бузганы үчүн Орусияга татыктуу жооп кайтарышы керек