Улуттук банк Бишкекте жети акча алмаштыруучу жайдын ар бирине 55 миң сомдон айып пул салды.
Башкы банктын сайтында жазылган маалыматка караганда, айып пул аларга Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузганы үчүн салынган.
Ошондой эле Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай акча алмаштыруу операцияларын жүргүзгөнү үчүн Кыргызстандын төрт жаранына, ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банктын реестрине ылайык, учурда Кыргызстанда 588 акча алмаштыруучу жай бар. Кезинде алардын саны 700гө чейин жеткен.(ZKo)