Москвада өткөн "Интервидение" сынагында кыргызстандык Nomad тобу экинчи орунду алды

20-сентябрда Москвадагы Live Arena аянтында өткөн “Интервидение” музыкалык сынагында вьетнамдык ырчы Дык Фук биринчи орунду ээледи. Ал Phu Dong Thien Vuong аттуу чыгармасын аткарып, калыстар тобунан 422 упай алды. Жеңүүчүгө 30 миллион рубль жана Хрусталь кубок тапшырылды.

Ыр таймашта 21 өлкөнүн ырчылары күч сынашты. Экинчи орунга Кыргызстандын атынан катышкан Nomad триосу татыктуу болду. Үчүнчү орунду Катардан келген Дана Аль-Мар ээледи.

АКШнын атынан ырдашы керек болгон америкалык-австралиялык ырчы Vassy финалга катышкан жок. Орусиялык уюштуруучулар бул чечимди “Австралия өкмөтүнүн кысымы” деп мүнөздөп, кырдаалды “маданий цензура” деп аташты. Австралия тарап болсо ырчыга расмий тыюу салынбаганын, болгону абройуна коркунуч келтирерин эскерткенин билдирди. Vassy өзү Инстаграмда “кырдаалды түшүнүү үчүн убакыт керектигин” жазды.

Сынактын башында Орусиянын президенти Владимир Путиндин видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Ал “Интервидениени” маданий диалогдун символу катары сыпаттап, “саясат элди бөлсө, музыка бириктирет” деген оюн билдирди. Бирок талдоочулар арасында бул билдирүүнүн артында саясий өңүт жатканы тууралуу пикирлер айтылууда.

“Интервидение” сынагынын тарыхы 1965-жылы Чехияда “Алтын ачкыч” деген ат менен башталган. Кийинчерээк “Интервидение” деп аталып, бирок уюштурулбай калган. 2008-жылы Сочиде “Беш жылдыз. Интервидение” деген аталышта кайра өткөрүлүп, ага мурдагы СССРден бөлүнгөн өлкөлөрдүн ырчылары катышкан.

Украинага согуш ачканы үчүн 2022-жылы Орусия эл аралык популярдуу Eurovision сынагынан четтетилген. Мындан улам “Интервидениени” жандандыруу идеясы жигердүү талкуулана баштаган. 2025-жылдын 3-февралында Орусия президентинин жарлыгы менен сынакты уюштуруу расмий түрдө бекитилген.

Кийинки “Интервидение” сынагы 2026 -жылы Сауд Арабияда өтө турганы жарыяланды.

Дагы караңыз

ХАМАС барымтада алынгандардын жана Ливанда жоголгон учкучтун сүрөтүн жарыялады Улуттук банк жети акча алмаштыруучу жайга айып пул салды