Президент Жапаров жарандыкка кабыл алуу, чыгаруу тууралуу жарлыкка кол койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров.

22-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этностук кыргыздар түзөт.

Жарлыктарда канча адам жарандык алганы же чыкканы тууралуу маалымат берилген эмес.

Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштады. Ага чейин тизме ачык жарыяланып келген.

2023-жылы августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алып койгону катуу талкууланган. Былтыр орусиялык ондогон таанымал жарандар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.

“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыкта Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

2024-жылы 23 миңден ашуун киши Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн арыз тапшырган.

“Азаттыктын” иликтөөлөрүндө соңку жылдары орус жарандыгынан баш тартып, Кыргызстанга кайткан кыргыздар көбөйгөнү айтылган. Буга Украинадагы согушка байланыштуу мобилизация жана мигранттардын укугун чектеген мыйзамдардын күчөшү негизги себеп болуп жатканы көрсөтүлгөн.

Маалымат ачык кездеги маалыматтарга караганда, 2018–2022-жылдары 22 миңден ашык адам Кыргызстандын жарандыгын алган, анын 17 миңдейи кыргыздар. Алардын көбүн Тажикстан менен Өзбекстанда туулган этностук кыргыздар түзгөн. (AiA)

Дагы караңыз

Орус өкмөтү аскердик каттоого турбагандарды жарандыктан ажыратууну колдодуКиевде ондон ашык өзбек жараны кулчулуктан куткарылдыКара-Балта: 1 млрд сом боюнча козголгон иштин алкагында курулуш компаниянын башчысы кармалды