Кыргызстандын Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын 62,17% акциясын сатып алып, биржанын негизги акционери болуп калды. Бул тууралуу 23-сентябрда Кыргыз фондулук биржасынын президентинин милдетин аткаруучу Аида Чодулова жана Мамлекеттик финансылык холдингдин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Кылычбек Асеков баштаган жетекчилердин биргелешкен маалымат жыйынында маалымдалды.
Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун 2022-жылкы “Фондулук рынокту жана биржа ишин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде ишке ашканы айтылды.
Жетекчилер түшүндүргөндөй, бул аракет биржалык базар түзүмүн чыңдап, аны модернизациялоого жана мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болмокчу. Биржанын 2030-жылга чейинки стратегиясына ылайык, соода аянтчасы баалуу кагаздар базарын инвестиция тартуучу чоң инструментке айлантууну мерчемдейт.
Кыргыз фондулук биржасынан “Азаттыкка” ырасташкандай, Финансы министрлиги буга чейин соода аянтчанын 33,3% акциясына ээлик кылчу. Калган акцияларга 15-сентябрда алган. Министрлик аны канчага сатып алганы так эмес.
2025-жылдын башынан бери Кыргыз фондулук биржасында 163,9 млрд сомдук 1 711 соода бүтүмү аткарылган. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 70 млрд сомго көп.
Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) 1994-жылы түзүлгөн. Анын максаты – баалуу кагаздар базарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо. Аянтчада мамлекеттик мекемелердин жана жеке акционердик коомдордун баалуу кагаздары, компания-фирмалардын акциялары жана башка нерселер соодаланат. (ErN)