Президенттин маалымат катчысы Бишкек мэринин отставкасы тууралуу маалыматты четке какты

Айбек Жунушалиев

Президенттин маалымат катчысы Айбек Жунушалиев соцтармактардагы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу Алагөзов фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышарын билдирди.

“Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн. Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган”-деп билдирди.

Буга чейин соцтармакта Бишкек мэри Жунушалиевдин кызматтан алынганы тууралуу маалымат тарап жаткан эле.

49 жаштагы Айбек Жунушалиев 2023-жылы октябрда Бишкек шаарына кайрадан мэр болуп дайындалган. Ага чейин 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин да баш калааны башкарган.

Соңку учурда шаардагы тыгын, жашыл зоналардын азайышына байланыштуу мэрдин дарегине сындар айтылып келет.