Садыр Жапаров Газадагы окуяларды Эл аралык сотто иликтөөнү талап кылды

Газа сектору.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Газадагы кырдаалга токтолду. Ал Газадагы аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан палестин элине тилектеш болуш керектигин жана ага кайдыгер кароого болбосун билдирди.

“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз. Менин өлкөм ар дайым зордук-зомбулуктун жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүн кескин айыптайт, анын ичинде 2023-жылдын 7-октябрындагы Израилге террорчулардын кол салуусун да айыптайбыз. Андай террорчуларды катуу жазалоо керек. Бирок терроризмге каршы күрөшүүнүн, террорчуларды жок кылуунун өз ыкмалары, жол-жосуну бар”,- деп белгиледи Жапаров.

Жапаров террорчулардын айынан миллиондогон жөнөкөй жарандар, жаш балдар кырылбашы керектигин кошумчалады.

Кыргыз президенти Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу үчүн “Эки эл үчүн – эки мамлекет” принцибин ишке ашырып, Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин билдирди.

Мындан эки жыл мурун, 7-октябрда АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган ХАМАСтын согушкерлери Израилге Газа тараптан чабуул койгондо 1200дөй адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 140 чактысы бошотулду. Ушу тапта жоочулардын туткунундагы 20 чакты киши тирүү деп болжолдонууда.

Андан бери Израил Газа тилкесине тынымсыз чабуул жасап келатат. Тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси согуш башталгандан бери 65 миңден ашуун палестиналык каза тапканын жарыялап келет.