Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Президенттик администрация билдиргендей, Гутерриш Кыргызстандын тездик менен өнүгүп жатканын жана өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуудагы ролун өзгөчө белгиледи.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан БУУнун толук мүчөсү катары Уставда бекитилген баалуулуктарга жана максаттарга берилгендигин жана климаттын өзгөрүшү, жакырчылык, жаңжалдар жана теңсиздик сыяктуу учурдун актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө дүйнөлүк коомчулук менен тыгыз кызматташууга умтуларын билдирди.
Жапаров Гутерришти 2026-жылдын күзүндө Бишкекте Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында өтө турган "ШКУ+" саммитине катышууга чакырды. Башкы катчы чакыруу үчүн ыраазычылык айтып, аталган иш-чарага катышууга даяр экенин билдирди.
Дүйнө лидерлери БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко чогулду.
Кыргыз президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Бишкек убактысы боюнча 24-сентябрга караган түнү сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө дүйнөдөгү учурдагы абалга токтолуп, Украинада, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан согуштарды токтотуу, Украинадагы согушка байланыштуу Кыргызстандагы айрым ишканаларга салынган санкцияларды алуу, Ооганстандагы учурдагы кырдаалды жакшыртуу үчүн буга чейин камакка алынган активдерин бошотуу, климаттык өзгөрүүлөргө бирге каршы туруу сыяктуу маселелерге көңүл бурду. (КЕ)