27-сентябрдын аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 27-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Дагы караңыз

Курулуш компаниясынын жетекчилери алдамчылыкка шектелүүдөКемпир-Абад иши боюнча сот отуруму кайрадан кийинкиге калды"Чалдыбар" бекетиндеги коррупцияга шектелип кармалган 23 кызматкер камакка алындыТрамп Түркияны Орусиянын мунайын сатып алууну токтотууга чакырды