Түп-Кеген жолу ачылды

Садыр Жапаров. 29-сентябрь, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров быйыл Кыргызстанда салынып жаткан автожолдордун 80% ашыгы мамлекеттик бюджеттен каржыланганын билдирди.

Бул тууралуу ал 29-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп-Кеген жолунун ачылышында сүйлөп жатып айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле 2021-жылдан бери транспорт жана жол тармагына 101,7 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

“Биз сөз кылып жаткан жолубуз кереметтүү Ысык-Көл менен боордош казак элинин Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырган экономикалык жана социалдык мааниси олуттуу жол экенин жакшы билесиздер”, - деди президент.

Жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн Түп–Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулган. Жолдун 39–76-чакырымындагы тилке жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автожолунун 13 км толук жаңыдан оңдолду. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда бала бакчалардагы уулануу боюнча кылмыш иши козголдуМинистр Кулубаев АКШнын өкүлү менен санкция, виза маселесин талкууладыТүркмөнстандын мурдагы башкы прокурору Атажанова абакта каза болдуДрон чабуулуна байланыштуу Москванын Жуковский аэропорту жабылды Бишкекте коопсуздук эрежесин сактабаган компаниянын курулушу убактылуу токтотулдуТөрага парламентти таркатуу маселеси президент менен талкууланганын айттыКыргызстан Казакстандан ташылып келаткан сабиз жана кызылчаны артка кайтардыМичиганда мормондордун чиркөөсүнө кол салууда төрт киши каза тапты