АКШ: Трак айдоого америкалык жарандар гана тартылат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын акыркы массалык соккуларынан улам Киевде бир нече адам каза болду. Украин президенти Зеленский дүйнөлүк коомчулукту Орусияга каршы чараларды күчөтүүгө чакырды. Ал арада АКШ Украинага алыс аралыкка учуучу ракеталарын берүү маселесин карап жатат. Орусияга күндөлүк керектелүүчү товар ташыган айдоочулар аларды жөнөткөн компанияга нааразылыгын билдирип УКМКга кайрылды. 9-сентябрдан бери казак-орус чек арасынан өтө албай турганын айткандар мекеме аларга күнүмдүк чыгымдарын төлөбөй жатканын билдирүүдө. АКШда оор жүк тарткан трак айдоочулар америкалык жаран болууга тийиш деген талап коюлууда. Бул эреженин Кошмо Штаттарда иштеген кыргыз жарандарына кандай таасири тийиши мүмкүн?