Орусиянын Москва баштаган төрт аймагында аскерге электрондук чакыруу жиберилет

Аскерге милдеттүү чакырылгандар. Москвадагы аскер комиссарлыгы. Октябрь, 2024-жыл

Орусиянын Москва, Рязань жана Сахалин облустарында, Марий Эл Республикасында катталгандарга күзгү аскердик өнөктүктө электрондук чакыруулар гана жиберилет.

Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы Евгений Бурдинский "Красная звезда" басылмасына билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аталган аймактардан башка жактарда электрондук жана кагаз түрүндөгү чакыруулар жөнөтүлөт.

Электрондук чакыруу реестрге жайгаштырылгандан жети күн өткөндөн кийин тапшырылды деп эсептелет. Чакыруу тизмесине киргендерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынат, кат жиберилгенден кийин 20 күн ичинде аскер комиссарлыгына келбегендер транспорт айдай албайт, алардын насыя алуусуна, турак жай алып-сатуусуна тыюу салынат. Мындан тышкары 20 күн аралыгында келбегендер 30 миң рублга чейин айыпка жыгылат.

Кремль 1-октябрдан 31-декабрга чейин 18 жаштан 30 жашка чейинки 135 миң жаранды армияга чакырууну көздөп жатат.

"Важные истории" басылмасы Орусиянын төрт аймагында электрондук чакыруулар гана болору тууралуу маалыматты Коргоо министрлиги күзгү өнөктүккө бир күн калганда жарыялаганын эске салды.

Орус президенти Владимир Путин буга чейин аскерге милдеттүү түрдө чакырылгандар Украинадагы согушка тартылбайт деп убада берген. Бирок аларды майданга жөнөтүшүп, айрымдарын келишимге кол коюуга мажбурлашканы белгилүү болгон.

"Би-би-си", "Медиазона" жана ыктыярчылар тобунун иликтөөсүндө 2024-жылдын 9-августуна карата маалымат боюнча Орусиянын Украинага каршы согушунда армияга милдеттүү түрдө чакырылган 159 жоокер каза тапканы жазылган.

Украинанын "Хочу жить" долбоору 2025-жылдын апрелинде Орусия коңшу өлкөгө бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери аскерге милдеттүү чакырылып, бирок майданда каза тапкан 217 жигиттин ысымын жарыялаган.

Орус бийлиги буга комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

УКМК Бишкекте адвокат алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирдиВолгоградда дрон чабуулунан үч кыштак жарыксыз калды