Айсулуунун өлүмү: ИИМ кылмыш боюнча кеңири маалымат берди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көлдө үч күн мурун дайынсыз кеткен 17 жаштагы окуучу кыздын сөөгү Боом капчыгайында табылды. Аны өлтүрүүгө шектелип мурда бир нече жолу соттолгон адам кармалды. Бул окуя коомчулукта жарандардын коопсуздугу боюнча маселени козгоду. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Шайлоо жаңы мыйзамдарга ылайык өтөт. Газа тилкесинде тынчтыкты орнотуу боюнча АКШ сунуштаган тынчтык планы талкууланууда. Ак үйдүн маалыматына караганда, тараптар макулдашууга "кыйла жакындады". Бирок Газа тилкесинде операциялар уланып, Израил Газа шаарынын тургундарын кайрадан көчүп кетүүгө чакырды.