Президент Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырды

Садыр Жапаров. 29-сентябрь, 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди шайлоого аралашпоого чакырды. Бул туурасында ал 30-сентябрда элге кайрылуусунда айтты. Ал айыл өкмөт баштаган ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге кайрылып, шайлоого аралашса кызматтан эле кетпей, жазаланарын эскертти.

“Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз. Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар. Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар”, - деди Жапаров.

Президент шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин көзөмөлдөрүн убада кылды. Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзү барып катышарын же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилерин жибере турганын айтты.

Президент депутаттардын мөөнөтүн кыскартуу чечимин колдогон Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, бул кадам өлкөнүн туруктуулугу үчүн маанилүү экенин айтты.

“Эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине туш келип калса, Борбордук шайлоо комиссиясына кыйынчылык жаратмак жана саясий туруктуулукка таасир этмек. Кээ бир саясатчылар президенттик шайлоого даярдык көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн. Мен бир да депутаттан тарагыла деп суранган жокмун. Беш жыл мурун 80% элдин колдоосу менен өткөм, кийинки шайлоодо талапкерлигимди койсом, 90% менен өтөрүмө ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күчтүү экенине ишенип турам”, — деди Жапаров.

Жапаров ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу жарлыкка кол коюп, добуш берүү 30-ноябрга белгиленген.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатуу боюнча чечим кабыл алган. Депутаттар мындай кадамга кийинки жылы парламенттик жана президенттик шайлоолор удаа өтөрүн, саясий стабилдүүлүктү сактоо ниети менен түшүндүргөн.

Спикер Нурланбек Тургунбек уулу парламентти таркатуу маселесин президент менен кеңешкенин блогер Ыдырыс Ысаков менен маегинде билдирген.

Дагы караңыз

Трамп Газадагы согушту токтотобу?Айсулуунун өлүмү: ИИМ кылмыш боюнча кеңири маалымат берди