Жогорку сот Айсулуунун өлүмүнө шектүү мурда бир нече жолу соттолгонун ырастады

Кармалган шектүү.

Жогорку сот Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шек саналган 41 жаштагы адам тууралуу расмий маалымат таратты.

Анда шектүү А.К.К. буга чейин эки жолу сот жообуна тартылганын ырастады. Кабарда шектүүнү 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (уурулук) боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекетке беш миң сом айып пул төлөө жазасын белгилеген.

2016-жылы ошол эле Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 97-беренелери боюнча (киши өлтүрүүгө аракет жасаган) күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн тартиптеги абакта 12 жылга эркинен ажыраткан.

Ошол эле жылдын 12-майында Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүп, аны башка беренелер Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Каракчылык)жана 123-беренесинин 1-бөлүгү (Адам уурдоо) боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу тоноо үчүн алты жылга, зордуктоо үчүн үч жылга эркинен ажыратылган.

Кылмыштардын жыйындысы боюнча ага акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен жети жыл абак мөөнөтү дайындалган. Соттун маалыматына ылайык, А.К.К. бул жазасын толук өтөп, эркиндикке чыккан.

17 жаштагы мектеп окуучусу Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

ИИМ 41 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон жаран экенин, ушул тапта ал Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалып турганын маалымдаган.

Шектүү 1-октябрда Жети-Өгүз райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. (AiA)

Дагы караңыз

Ташкент облусунда тамак-ашка ууланган 900 бала ооруканадан чыктыИИМ журналист Лейла Саралаевага кылмыш иши козголгонун ырастадыАйсулууну өлтүрүүгө шек саналган жаран эки айга камалды