Караколдо окуучусу сабалган мектептин директоруна сөгүш берилди

Окуя боюнча социалдык тармактарда тараган видеодон сүрөт.

Каракол шаарындагы №2 Байсары уулу Кыдыр аке атындагы орто мектептеги окуяга байланыштуу директоруна, класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусуна жана социалдык педагогуна сөгүш берилди.

Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлап, 7-класстын окуучуларынын урушун Каракол шаардык билим берүү бөлүмүндө түзүлгөн комиссия иликтеп чыгарын кошумчалады.

Маалыматка караганда, 28-сентябрда Караколдун ички иштер бөлүмүнө шаардын 58 жаштагы тургуну кайрылып, небересин сабак учурунда классташы сабап салганын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Окуя 24-сентябрда болгон. Милиция балдар орун талашып урушуп кетишкенин билдирди.

Классташына кол көтөргөн окуучу бала тууралуу видео интернетте тарап, талкуу жараткан. Социалдык тармактарда өзүн баланын апасымын деп тааныштырган аял видео кайрылуу жасап, “мындай агрессия жана зомбулукту алдын алуу үчүн чара көрөрүн” айткан.

Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары Айнура Султанбаева окуучу баланын майыптыгы бар экенин жана ал мындан ары үй шартында окуй турганын кабарлаган. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров шайлоо округдары боюнча сынга жооп бердиПрезидент шайлоо күрөөсүнүн көтөрүлгөнүн туура деп эсептейтМилиция шектүү Айсулуунун сөөгүн ыргыткан жерди өзү көрсөтүп бергенин билдирдиАйсулуунун өлүмү тууралуу маалымат берген Сыймык Нарынбек уулуна иш козголдуКыйноолорду алдын алуу борборунун жоюлушу талкууландыИзраил Газага жардам жеткирип бараткан гуманитардык кемелерди токтоттуУлуттук банк валюта базарына 38 млн доллар сатты