Ошто эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы Баткенден табылды

Баткенден табылган апасы менен кызы.

Ош облусунда эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы Баткен облусунан табылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы алар 2-октябда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөнү аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Милициянын маалыматында 1-сентябрда Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын тургуну кайрылып, 41 жаштагы Назгүл Абдисатар кызы жана анын 12 жаштагы кызы Акмарал Абдисатар кызы эки айдан бери дайынсыз болуп жатканын кабарлап, издөө иштери башталган. (BTo)

Дагы караңыз

Жарасул Абдураимовдун иши тергелип бүтүп, сотко өттүБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө жылдын аягына чейин тыюу салындыОрусия жана Украина согуш туткундарын айырбаштадыКазак-орус чек арасында Кытайдан жүк тартып келе жаткан миңдеген машинанын кезеги пайда болду