Жаңылыктар | 29.09.2025 | Москва облусуна дрон чабуулу, эки киши каза болду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Москва облусунун Воскресенск шаарында учкучсуз учактардын соккусунан турак үйдө өрт чыгып, эки киши каза болгонун облус губернатору Андрей Воробьев билдирди. Алардын бири 76 жаштагы аял жана анын 6 жаштагы небереси. Воробьев дрон турак үйгө сокку урдубу же аны атып түшүрүү учурунда сыныгы тийдиби ачыктаган жок.