Орусиянын дагы бир ири мунай заводу дрон чабуулуна кабылды

Өткөн түнү Орусиянын Ленинград облусундагы Кириши шаарына дрондон чабуул болду. Бийлик абадан коргонуу системалары иштегенин жана “өнөр жай зонасында өрт чыкканын” билдирди.

Облустун губернатору Александр Дрозденконун айтымында, шаар үстүнөн жети дрон атып түшүрүлдү.

Astra Телеграм каналы күбөлөрдүн сүрөттөрүнө жана видеолоруна шилтеме берип, “Киришинефтеоргсинтез” (КИНЕФ) мунай иштетүү заводунда өрт чыкканын жазды. Бул – Орусиядагы эң ири мунай кайра иштетүүчү ишканалардын бири. Ал жай мурда да дрон чабуулдарына кабылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү абадан коргонуу системасы 117 украиналык дронду атып түшүргөнүн билдирди. Алардын көбү Брянск, Волгоград жана Курск облустарында байкалган.

Дагы караңыз

БШК төрагасы бир талапкерге миң үгүтчү көп деп эсептей турганын билдирдиОрусияда жардыргыч компоненти жасалуучу заводго дрон менен сокку урулдуБШК: Шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимдер мындан ары жокко чыгарылбайтСадыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүдө элдин макулдугу сураларын айтты