Жаңылыктар | 04.10.2025 | Садыр Жапаров өлүм жазасын киргизүүдө элдин макулдугу сураларын айтты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасы киргизиле турган болсо бул эл менен кеңешилип чечилерин 4-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди. Ал жазанын катаал түрүн киргизүүгө соңку жылдары балдарга жана кыз-келиндерге зордук-зомбулук көрсөтүп өлтүргөн учурлардын көбөйүшү себеп экенин белгиледи.
Жапаров адам өлтүрүү жана зордуктоо боюнча соңку беш жылдагы статистикалык маалыматтарды келтирген.