Чехиянын мурдагы премьер-министри Андрей Бабиштин партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишти. Шайлоо жума жана ишемби күндөрү өткөн. iDnes басылмасы 4-октябрдын кечинде добуштар дээрлик бардык округдарда саналып бүткөнүн кабарлады.
Бабиштин ANO ("Ооба") партиясы шайлоочулардын 34,5 пайыз добушун алды. Бул 2021-жылдагы шайлоого караганда дээрлик 7,5 пайызга көп. Партия 200 орундуу парламентте 80 мандат алышы мүмкүн. Учурдагы премьер-министр Петр Фиала башында турган Spolu ("Бирге") коалициясы 23,3 пайыз добуш алып, алдын ала эсептөөлөр боюнча 19 мандатын жоготушу мүмкүн. Фиала атаандашын шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, добуш берүүнүн жыйынтыгын урматтай турганын билдирди.
Бабиштин партиясы Евробиримдикти сындаганы жана Украинадагы согушка байланыштуу Праганы этият саясат жүргүзүүгө чакырганы менен белгилүү. Шайлоо кампаниясы маалында саясий атаандаштары аны "Орусияны колдойт жана Евробиримдикке каршы көз карашта" деп айыпташкан. Бабищ бул дооматтарды четке каккан.
Жалпысынан парламентке алты партия жана коалиция өттү. Чехиянын статистика башкармалыгы добуш берүү көрсөткүчү 1998-жылдан берки эң жогорку деңгээлде болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Алдын ала маалымат боюнча, шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 69 пайызы катышкан.
Бабиш шайлоочулар аны премьер-министр катары көргүсү келерин айтты. Бүгүн ANO партиясы өкмөттүн курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт. Алар сүйлөшүүлөрдү 7,8 пайыз добуш алган оңчул популисттик СПД жана 6,8 пайыз алган Евробиримдикти сындап келген Автомобилисттер партиясы менен жүргүзөт.
Андрей Бабиш чех өкмөтүн 2017-жылдан 2021-жылга чейин башкарган. Каржы министри жана өкмөт башчынын биринчи орун басары болгон.
ANO партиясы 2011-жылы негизделген. Бабиш бул партияны коррупцияга жана салттуу саясатка каршы күрөшүү максатында түзгөнүн айтып келет. Башында жарандык кыймыл катары башталган ANO кийинчерээк саясий партияга айланып, 2013-жылдагы шайлоодо чоң ийгиликке жеткен. 2017-жылы шайлоодо жеңип, өкмөттү түзгөн (KS).
Чехиянын мурдагы премьер-министр Андрей Бабиштин партиясы парламенттик шайлоодо жеңди
Андрей Бабиш