Миңдеген туристтер бурганактын айынан Эверестте калды

Миңдеген туристтер бурганактын айынан Тибеттеги Эверест тоосунун чыгышындагы эңкейиште күрткүдө калды. Бул тууралуу Reuters агенттиги Кытайдын мамлекеттик медиаларына таянып билдирди.

Жекшембиде таң эрте куткаруучулар эл турган лагерге карай жолду тазалай баштаган. Жүздөгөн жергиликтүү тургундар жана куткаруучулар тобу кар күрөөгө тартылганы кабарланууда. Айрым туристтер эвакуация болду.

Кар жуманын кечинде жаай баштап, ишемби күнү бою уланды. 4-октябрда Эвересттин ландшафттык паркына жол жабылып, билет сатуу токтогон.

Эверест тоосу Кытай менен Непалдын чек арасында жайгашып, ага эки өлкө ээлик кылат. Непал аны Сагарматха, Кытай Жомолунгма деп атайт. Эки өлкөнүн тең лагери жана тоого чыга турган маршруту бар.

Дагы караңыз

Жоомарт Карабаевдин отурумду котормочусуз өткөрүү өтүнүчүн судья канааттандырган жокТаласта 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталдыТбилисиде шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор президенттик сарайды басып алууга аракет кылды