Медицина жана физиология боюнча Нобел сыйлыгы адамдын иммунитетин изилдегендерге ыйгарылды

Нобел сыйлыгын алган окумуштуулар

Медицина жана физиология тармагындагы Нобел сыйлыгы иммунология багытындагы изилдөөлөр үчүн берилди. Быйыл абройлуу сыйлыкты америкалык окумуштуулар Мэри Брункоу, менен Фред Рэмсделл жана жапон илимпозу Шимон Сакагучи алды.

«Илимий ачылыштар адамдын иммундук системасы кантип иштээрин жана эмне үчүн ар бир кишиде эле оор аутоиммундук оорулар өнүкпөй турганын түшүнүүдө чечүүчү роль ойноду», - деп белгиледи Нобель комитетинин төрагасы Олле Кемпе.

1980-жылдардын башында Сакагучи белгилүү бир түрдөгү Т-лимфоциттер башка иммундук клеткалардын активдүүлүгүн басаңдатып, чычкандарды аутоиммундук реакциялардан коргой аларын аныктаган.

Кийинчерээк АКШда Брункоу менен Рэмсделл жүргүзгөн изилдөөлөр жогорудагы байкоону тастыктап, бул клеткалардын иштөө механизмин жана перифериялык иммундук толеранттуулукту сактоодогу ролун ачып берген.

Алардын ачылыштары бүгүнкү күндө активдүү өнүгүп жаткан регулятордук Т-лимфоциттерди колдонгон заманбап иммунотерапиянын негизин түздү.

Илимпоздор жаңы ачылыш аутоиммундук дарттарды аныктоону, ракты айыктырууда жана сөңгөк клеткаларын трансплатациялоодон кийинки оор илдеттерди эффективдүү дарылоону камсыз кылат деп санашат.

Былтыр Нобелдин физиология жана медицина боюнча сыйлыгын микроРНКны ачып изилдеген америкалык окумуштуулар Виктор Эмброс жана Гэри Равкан алган.

Нобель сыйлыгынын суммасы 11 миллион швед кронасын (бул сумма 1,1 миллион долларга барабар) түзөт. (AiA)

Дагы караңыз

Миңдеген туристтер бурганактын айынан Эверестте калдыЖурналист Мамыркулованын сот отуруму 24-октябрга жылдыКыргыз өкмөтү Кытайдан унаа ташууга уруксаттын жол-жобосун жеңилдетет