Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-октябрдагы жер титирөөдөн жалпы 13 имарат жабыркаганын билдирди. Анда Чаткал районундагы Башкы-Терек айылында жайгашкан бир мектеп, бир бала бакча, бир фельдшердик-акушердик пункт, үч турак үй, Коргон-Сай айылында эки турак үй, Курулуш айылында бир турак үй жана Чакмак-Суу айылында ФАПтын имаратынын дубалынан майда жаракалар кеткен.
Ошондой эле Айтматов районундагы Шекер айыл аймагынын Шекер айылында бир мектеп жана Манас районунун Семетей айылында бир мектеп интернат, Жайылган айылында мектептин имаратынын дубалында майда жарака кеткени аныкталган.
“Жеринде жарандык коргонуу кызматтары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте иш алып барууда”, - деп жазылган маалыматта.
6-октябрга караган түнү Кыргызстандын аймагында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институту кабарлагандай, силкинүү очогу Талас облусунун аймагындагы Талас шаарынан 85 чакырым түштүк- батыштагы тоо арасында болгон. Очогунда жер титирөөнүн күчү 6 баллга чейин катталган.