Кыргызстан ТМУдагы экономикалык алаканын "жол картасын" сунуштады

Садыр Жапаров

Кыргызстан Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) алкагында экономика, соода, инвестиция жана каржы тармактарында кызматташуу боюнча "жол картасынын" долбоорун даярдады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарындагы ТМУ саммитинде сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров Кыргызстандын уюмга бир жылдык төрагалыгы ийгиликтүү болуп, бул убакта 124төн ашык иш-чара өткөнүн, муну менен биримдикти чыңдоо аракети көрүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ТМУнун алкагында алгачкы жолу өкмөт башчылардын саммити өткөнүн эске салды.

Саммитте президент келерки жылы Кыргызстан 6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөрүн билдирип, анан ачылышын Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммити менен чогуу өткөрүү пландалып жатканын кабарлады.

Жапаров бул уюмга мүчө өлкөлөрдү Кыргызстанда 30-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого байкоочу катары катышууга чакырды.

Эми Азербайжан бир жыл бою Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылмакчы.

2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан негиздеген бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте бирикме Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмдун ишине байкоочу катары катышып келет.

Дагы караңыз

"Коопсуз өлкө": Бир аптада коопсуздук курун тагынбаган 400 миң киши аныкталдыЕвробиримдик кезектеги санкция менен орус дипломаттарына чектөө киргизиши мүмкүнХерсонго урулган аба соккуларынан эки киши каза болгону кабарландыБишкек: Депутаттар менен Муниципалдык инспекция башчысы кайым айтыша кетти