Италия Олимпиада-2026 маалында согуштарды токтотууга үндөйт

Италия Милан-Кортина д`Ампеццодо өтчү кышкы Олимпиада учурунда дүйнө жүзүндөгү куралдуу жаңжалдарды, асыресе Газадагы жана Украинадагы согуштарды токтотуу сунушун БУУга тапшырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Антонио Таяни билдирди.

“Тынчтыкка болгон үмүт эч качан өчпөшү керек”, - деп айткан министр АКШнын Газа боюнча планын колдошорун белгиледи.

Кышкы оюндар эмки жылдын 6-26-февраль күндөрү Милан жана Кортина д’Ампеццо шаарларында өтмөкчү.

Байыркы Грецияда Олипмиада учурунда бардык чыр-чатактар токточу. Муну менен атлеттерге мелдештер өткөн Олимп тоосуна коопсуз жетүүгө шарт түзүү каралган.

Украинага кол салганы үчүн Орусиянын улуттук командасы оюндардан четтетилген. Айрым спортчулар көз карандысыз макам менен ат салыша алат.

Дагы караңыз

Чаткал жана Таластагы жер титирөө, өкмөттүн эскертүүсүТрамп Киевге Tomahawk ракетасын береби? Физика боюнча Нобел сыйлыгы кванттык механика ачылыштарын жасаган окумуштууларга ыйгарылды