Химия боюнча Нобел сыйлыгына металлорганика тармагында эмгектенген окумуштуулар татыды

Химия боюнча Нобел сыйлыгынын быйылкы лауреаттары

Химия боюнча Нобел сыйлыгы Киото университетинин кызматкери, жапониялык Сусуму Китагава, британ-австралиялык окумуштуу, Мельбурн университетинде эмгектенген Ричард Робсон жана Беркли университетинин профессору, АКШ жана Сауд Арабиянын жараны Омар Ягхиге берилди.

Швециянын Падышалык илимдер академиясы билдиргендей, алардын металлорганикалык структуралар тармагындагы эмгеги жогору бааланды.

Металлорганикалык каркастар металл жана органикалык бирикмелерден куралат. Андай материалдар көмүр кычкыл газын жана башка зыяндуу газдарды сиңирип алууга жөндөмдүү болгондуктан, аларды аба менен сууну тазалоодо, суутекти сактоодо колдонсо болот.

Шейшембиде физика, анын алдыңкы күнү медицина боюнча лауреаттар белгилүү болгон. Үстүбүздөгү аптада Стокгольмдо химия жана адабият, жума күнү Ослодо тынчтык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жарыяланмакчы.

Швециянын банкы 1968-жылы негиздеген экономика боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты 13-октябрда жарыяланат.

Дүйнөлүк илимге кошкон салымы үчүн ыйгарылчу сыйлыкты 1895-жылы швециялык ишкер Алфред Нобел негиздеген. Бирок экономика тармагындагы жетишкендиктер үчүн сыйлык берүү анын мурасында жок болчу. Сыйлык тапшыруу аземи салт боюнча 10-декабрда, филантроптун өлгөн күнүндө өткөрүлөт.

Лауреаттарга диплом, алтын медал менен кошо 11 миллион швед кронасы өлчөмүндө ( 1,1 миллион доллар) акчалай сыйлык берилет.

Дагы караңыз

Газа: Израил менен ХАМАС согушту токтотуу үчүн мунаса таба алабы?Түркияда Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп орток түрк арибинде жарык көрдүАк-Ордодогу эки адам өлтүрүлгөн окуянын жаңы жагдайы айтылды