Жаңы конуштардагы жер мунапысы. Тургундар бийликке кайрылды

Бишкектин айрым конуштарынын тургундары жерин жана үйүн мыйзамдаштыруу талабы менен бийликке кайрылууда. 8-октябрь, 2025-жыл.

8-октябрда Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда шаардагы бир катар жаңы конуштардын жүзгө жакын тургуну чогулуп, турак жайларын мунапыс мыйзамынын негизинде мыйзамдаштыруу талабы менен жогорку бийликке кайрылышты. Айрым тургундар мыйзамсыз курулган деген негизде турак жайларын бузууга эскертүү берилгенин айтып даттанууда. Ал тапта шаардык мэрия мыйзамсыз курулуштарды бузууну убактылуу токтоткондугун жарыялады. Буга чейин Чүй облусунда, Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген курулуштар бузулуп, нааразылык чыккан учурлар да катталган эле.

Чогулгандар жогорку бийликке турак жайларын мунапыс мыйзамынын негизинде мыйзамдаштыруу талабы менен кайрылышты.

"Жерибизди 2019-жылы алганбыз, ошондо конушта үйлөр бар болчу. Президенттин жарлыгына такап 2021-жылы сала албай калат экенбиз да, ар жакта мигрант болуп жүрөбүз. 2022-жылы салганбыз, бирок эми "бузулат" деп кагаз жөнөтүп жатат. Бул кагаз эле канча адамды оорукчан кылып койду", - дейт өзүн Орок айылынын тургуну деп тааныштырган жаран.

Жыйынга Өскөн-Ордо конушунан келип катышып жаткан тургун жерин мыйзамдаштыруу көйгөйү аларда да болуп жатканын айтууда.

“Биздин 154-контурда 2300 түтүн бар. Ошонун 1400 түтүнүнө кызыл китеп чыккан, азыркы учурда дагы 300 түтүнгө чыгып жатат. Калган 600-700 тилке шахмат түрүндө болуп үйлөрдүн арасында калып калып атат. Бишкек мэриясы азыр келип алып “болду, силер 2022-жылдан кийин салгансыңар, бирөөңөр дагы өтпөйсүңөр” деп атат. Логика такыр жок болуп атат, анткени шахмат түрүндө болуп, бул үйдө бар, аркы үйдө жок, андан аркысында бар болууда. Биз контурдун сыртына бир метр да чыккан эмеспиз. Бизге контурдун ичин эле чечип берсе болду”.Жергиликтүү тургундардын айтымында, 4-октябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери Ак-Ордо-3 конушунун бир катар тургундарына “турак жайыңарды өз ыктыярыңар менен бузгула, болбосо чара колдонулат” деген эскертүү каттарын таркатышкан. Мындай каттар 2021-жылдан кийин курулган ондогон үйлөргө берилген.

Ак-Ордо-3 конушунун тургуну Жолдошбек Турдубаев элдин ар кай жакта тозуп жүрүп тапкан акчасына сатып алган же курган там-таштарын мыйзамдаштырбай коюу адилетсиздик болорун айтууда. Ал президенттин 2022-жылы чыгарган буйругу эл там-таш салып жаткан маалда иштебей келип, үч жылдан соң гана иштей баштаганы үчүн ошол кездеги мунапыс комиссиясы менен тийиштүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт:

“Жарлык чыккан күндөн баштап иштеш керек. Ошол жарлыктын үч жылга чейинки иштебей турганы үчүн ошондогу тийиштүү кызматкерлер жоопко тартылсын. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ошол мезгилде жер мунапысы боюнча республикалык комиссиянын төрагасы болуп турган. Эмне үчүн ал ушуга чейин элди алдап келген? Экинчи этап менен чыгат, биринчиден курулган үйлөр чыгат, экинчи этап менен пайдубал менен бош тилкелер чыгат деп алдап келген. Ак-Ордо-3 конушуна келгенде жеке мен суроо бергенде айткан “шаардын генпланы иштелип чыккандан кийин, анан бош тилкелер, шахматтык жерлерге берилет” деп дагы алдады. Эми бүгүнкү күндө айтып атат “президенттин жарлыгына таянып туруп шахматтык калган тилкелерди, үйлөрдү бузабыз, мурдагы калыбына келтиребиз” деп. Эмне үчүн президенттин жарлыгын үч жылдан кийин аткарат? Анда ошол Айбек Жунушалиев толугу менен жоопкерчиликке тартылышы керек. Ошол жарлыкты убагында аткарбаганы үчүн. Ошол эле акимиат, архитектура, ДИЖС – бардык органдар жоопкерчиликке тартылышы керек. Ушул убакка чейин элди “экинчи этап менен жериңерди мыйзамдаштырып беребиз” деп келгени үчүн”.

Жергиликтүү активисттердин айтымында, Ак-Ордо конушунда 2021-жылдан кийин курулган турак жайлардын саны эки миңдей болот. Алар жер мунапысы берилген контурлардын сыртында эмес, үйлөрдүн арасындагы эле, мүмкүнчүлүктүн жоктугунан улам бош турган же кийин курулган тамдар болуп саналат. Турдубаев “бузулат” деген ошол үйлөрдө кеминде 6-7 миңдей тургун жашап жатканын, алар көчөдө калуу коркунучунда турганын айтууда.

Айтылган маалыматтарга ылайык, Ак-Ордодогу контурлардын баарын Айыл чарба министрлиги “айдоо жерге жараксыз” деген корутундусун чыгарган.

Бул арада Бишкек шаарынын мэриясы чет жакадагы жаңы конуштарда мыйзамсыз деп эсептелген там-таштарды бузуу ишин убактылуу токтотконун жарыялады. Мындай чечим кыштын алдында тургундарды турак жайсыз калтырып коюудан сактанып жаткандыгы менен түшүндүрүлдү.

Шаар бийлиги курулуш жана жер пайдалануу тартибин сактоого, башкача айтканда, жер тилкелерин өз алдынча басып албоого, тийиштүү уруксат документтери болбой туруп өз жерине турак жай курбоого жана берилген жер тилкелерин муниципалдык жердин эсебинен өз билемдик менен кеңейтип албоого чакырууда.

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Тариел Айтиев турак жай курууну токтотуу каты бардык жаңы конуштардагы документи так эмес жер ээлерине берилгенин, мындай чара токтобой жаткан мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу үчүн жасалганын билдирди:

“Ак-Ордого эле эмес, андай эскертүү буга чейин мунапыска илешпей калган бардык конуштарга берилген. Биздин район боюнча 300гө жакын ошондой салынгандарга берилди. Бул эми акыркы жолу эле берилген жок, буга чейин да бир жума мурун берилген, андан он күн мурун да берилген. Акыркы жолу берилгенде, тактап коюш керек, жүздөн ашыгыраак жерге берилди. Ак-Ордодо, Орокто, Новопавловкада, Тынчтыкта – бардык жерде бар мындай. Биздин максат – мыйзамсыз курулуштар бүгүнкү күндө да токтобой келет, биринчиден, ошолорду токтотуу. Экинчиден, өз билемдик менен дагы деле кошунасын көрүп дагы салып атат да. “Аа, сала берсек болот экен, демек, биздики дагы мыйзамдашат” деп. Ошол ишти алдын алуу боюнча. Шахматтык үйлөр боюнча мыйзамга жараша иш алып барылат деген. Бирок, ошону биз салбай турууну талап кылып атабыз”.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын ноябрь айында Ак-Ордо конушуна барып, узак жылдардан бери документ ала албай келаткан жерлерге мунапыс берилерин жар салган. 2022-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Жер мунапысы алкагында арыздарды ар бир райондо түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат.

Быйыл жай айларында Бишкек мэриясы Көк-Жар-2 конушундагы бир катар турак жайды буздурган болчу. Шаар бийлиги аларды мунапыс мыйзамына кирбей турганын үйлөрдүн документтери жок экендиги менен түшүндүргөн.

Ошол тушта Бишкектин ортосундагы Ата-Түрк сейил багынын бир өңүрүн баса курулган 68 жер там менен эки көп кабаттуу үй мыйзамдашып, акысына бакты жакшыртуу үчүн 500 млн сом берери кабарланган. Кыргыз өкмөтү муну жарандардын менчик укугун сактоодо бир ымалага келүү катары сыпаттаган.