HRW укук коргоо уюму Тажикстанды Путинди камоого чакырды

Путин жана Рахмон

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Тажикстанды Орусиянын президенти Владимир Путинди өлкөгө киргизбөөгө же камакка алууга чакырды. Уюмдун шаршемби күнкү билдирүүсүндө Эл аралык кылмыш соту орус мамлекет башчысын камоо ордерин бергенин эске салат.

Кремл Путин 9-октябрда Орусия-Борбор Азия саммитине жана КМШнын жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга барарын маалымдаган.

2023-жылы 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди жана Орусиянын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу катары айыпталган. Мындай аракет эл аралык мыйзамдарда согуш кылмышы болуп эсептелет. Москва соттун дооматын четке каккан.

HRW “Путин Эл аралык кылмыш сотуна мүчө-мамлекеттердеги саммиттерге катышуунун ордуна Гаагадагы трибуналда жоопко тартылышы керек”, - деп эсептейт.

Уюмдун эл аралык юстиция боюнча директору Лиз Эвенсон Путинди Тажикстанда кабыл алуу Орусиянын Украинадагы кылмыштарынан жапа чеккен адамдардын азап чегүүсүн жана эл аралык милдеттенмелерин көзгө илбегенин көргөзөрүн белгиледи.

“Дүйшөмбү Эл аралык кылмыш сотуна 2002-жылы кошулгандыктан кызматташууга, анын ичинде издөө жарыяланган адамдарды өз аймагында камоого тийиш. Бул милдеттенмени аткарбоо соттун негиздөөчү келишимин бузуу болуп эсептелет”, - деп айтылат укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө.

Путин 2023-жылы коомчулуктун кысымы менен жана жергиликтүү соттун чечиминен кийин БРИКСтин Түштүк Африкадагы жыйынына баруудан баш тарткан.

Дагы караңыз

Газа: Израил менен ХАМАС согушту токтотуу үчүн мунаса таба алабы?Ак-Ордодогу өлүм: шектүүнүн кармалышы, күмөн санаган элХимия боюнча Нобел сыйлыгына металлорганика тармагында эмгектенген окумуштуулар татыды