Ош - Кара-Суу автожолу: 1200дөн ашуун бак-дарак көчүрүлөт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ош–Кара-Суу автожолунун кеңейтилишине байланыштуу жол жээгиндеги 1200дөн ашык бак-дарак алынары белгилүү болду. Алардын басымдуусу арча. Экологдор 18 чакырымдан ашык жолдун жээгинде бери дегенде он беш жылдык дарактар бар экенин айтууда. Райондук бийлик бак-дарак кыйылбай турганын, аларды көчүрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Бирок экологдор жылдын бул мезгилинде дарактарды көчүргөн менен көктөбөй калат деп эскертүүдө. Жолдун курулушу башталды.