Трамп Кытайдын товарына кошумча 100% алым киргизилерин билдирди

Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп ноябрь айынан тартып өлкөгө Кытайдан ташылып кирүүчү товарларга кошумча 100 пайыздык тариф киргизерин жарыялады. Анын TruthSocial социалдык түйүнүнө жарыяланган маалыматка караганда, программалык камсыздоонун эң зарыл түрүнө экспорттук көзөмөл орнотулат.

10-октябрда Трамп Кытайдын сейрек кездешүүчү металл кенин экспорттоо эрежелерин катаалдатуу чечимин сындап, расмий Бээжинди "кастыкка" жана "дүйнөнү барымтада кармоо" аракетине айыптаган.

Кытай автомобиль, смартфон жана башка көптөгөн товарларды жасоодо колдонулуучу металлдын түрлөрүн жана башка маанилүү материалдарды өндүрүү жагынан дүйнөдө лидерликти кармап турат.

Буга чейин АКШ тарифтерди жогорулатканда Кытай экспорттук көзөмөлүн күчөтүп, мындай жагдай көптөгөн америкалык компаниялардын нааразылыгын жараткан. Мисалы, Ford ишканасы жумушун убактылуу токтото турууга мажбур болгонун жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

Душанбеде Алиев менен Путин элдешти, миграция көйгөйү көлөкөдө калды Душанбе саммити: Путин Борбор Азиянын лидерлерине ишенеби?Нобелдин тынчтык сыйлыгын Венесуэладагы оппозиция лидери Мария Корина Мачадо алды Уитакер: Трамп Украинадагы согушту токтотуу үчүн "талыкпай иштеп жатат"