Түндүк Корея өзүнүн континент аралык жаңы ракетасын дүйнөгө көрсөттү. 11-октябрда бул өлкөдө соңку эки жылдан берки алгачкы ири аскердик парад өттү.
Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары парадда көрсөтүлгөн "Хвасон-20" ракетасын "эң кубаттуу өзөктүк стратегиялык курал" деп аташты. Ал АКШнын аймагына чейин жете аларын билдиришти.
Өлкө башчысы Ким Чен Ын парадда сүйлөгөн сөзүндө аскерлерди "кандай гана коркунуч болбосун, аны тыптыйпыл кыла ала тургундай жеңилгис күч" болууга чакырды.
Түндүк Кореянын башындагы Эмгек партиясынын 80 жылдыгына карата уюштурулган аскердик иш-чарага Кытайдын премьер-министри Ли Цян, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев жана Вьетнамдын Коммунисттик партиясынын башкы катчысы То Лам катышты.
Жалпы дүйнөдөн изоляцияда жашаган, өзөктүк куралына байланыштуу олуттуу санкциялар жарыяланган Түндүк Корея Орусиянын Украинага каршы согушун жүргүзүүгө колдоосун көрсөтүп, ракета жана артиллериялык ок-дары менен жабдып келет. Былтыр миңдеген аскер кызматкерин да жөнөткөн. (RK)