12-октябрдын таңында Орусиянын армиясы Украинанын Донецки облусундагы энергетика инфратүзүмдү аткылап, анын айынан аталган аймак жарыксыз калды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Вадим Филашкин Телеграм каналында кабарлады.
Түнкү чабуулдардан Белгород-Днестровский шаарындагы объектилер жабыркады. Кээ бир райондордо жарык өчтү.
Харьков облусунун Чугуев шаары экинчи күнү катары менен дрондордун чабуулуна кабылды. Бул ирет окуу имараты жабыркады.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын маалыматтарына ылайык, Харьков облусундагы соңку чабуулдардан беш киши, анын ичинде бир бала жаракат алды.
Украинанын Куралдуу күчтөрү кабарлагандай, соңку суткада Орусиянын армиясы Украинага жалпы 118 учкучсуз учак менен аткылады, анын 103ү атып түшүрүлдү.
Украинадагы согуш 2022-жылы февралда Орусия коңшусуна кол салгандан бери уланып келе жатат. (ErN)