Европадагы банктар "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна 1 млрд долларга чейин каржылоо ниетин билдиргени кабарланды

Нарын дарыясынын Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы (ГЭС) курулчу тилкеси.

Европа Биримдигинин тутумундагы банктар Кыргызстанга “Камбар-Ата 1” ГЭСин курулушун каржылоого 1 миллиард долларга чейин каражат берүү ниетин билдирди.

Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги кабарлады. Ага ылайык, өткөн апта соңунда өлкөнүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгиянын борбору Брюсселдеги Global Gateway форумуна катышты.

Министрлик иш-чара алкагында Ибраев Европа инвестициялык банкы жана Европа өнүктүрүү жана реконcтрукциялоо банкынын өкүлдөрү менен “Камбар-Ата 1” ГЭСин курулушун каржылоого 1 миллиард доллар бөлүүнү караган меморандумга кол койгонун кабарлады. Энергетика министрлиги каражат насыя түрүндө болобу, болсо анын пайыздык ченин жана мөөнөтүн тактаган жок.

Форумда Европа Биримдиги “Камбар-Ата 1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын биргеликте куруу долбоорун колдоосун билдирип, үч өлкөгө бул долбоорду ишке ашырууга 2,4 миллиард доллар бөлүү ниети айтылган.

Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин Борбор Азиядагы үч өлкө биргелешип куруу чечими 2023-жылдын башында кабыл алынган. Ага ылайык, үч мамлекет биргелешкен ишкана түзөт, ал ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт деп чечилген. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Баштапкы эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Бул долбоорго башында 4 миллиард доллардан ашык каражат кетет деп эсептелген.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш таркагандан кийин 30дан ашуун экс-депутат кайрадан шайлоого аттанды "Ирандын көчөлөрү өзгөрдү". Хижабдан баш тарткан аялдарЖК аппаратынын башчысынын мурдагы орун басары опузалоого шек саналып кармалды