Израил абагында отургандар түшкөн алгачкы 38 автобус Газа тилкесинин аймагына киргени белгилүү болду. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосунун сайты Палестин туткундарынын маалымат бюросуна таянып жазды.
Ага чейин эл аралык медиа жети адам Газа шаарында Кызыл чырымга өткөрүлүп берилгенин кабарлаган. Маалыматтарга караганда алар: Гали жана Зив Бермандар, Матан Ангрест, Алон Охель, Омри Миран, Эйтан Мор и Гай Гильбоа-Даллаль.
Андан кийин барымтадагылардын экинчи тобу Кызыл Чырымга өткөрүлүп берилгени маалым болду. Алар: Бар Куперштейн, Ром Бреславски, Нимрод Коэн, Эвьятар Давид, Элькана Бухбут, Сегев Кальфон, Авинатан Ор, Йосеф Хаим Охана, Максим Харкин, Эйтан Хорн, Матан Цангаукер, Давид Кунио жана Ариэль Кунио.
13-октябрда АКШ президенти Дональд Трамптын учагы Израилдин Бен-Гурион аэропортуна конду.
Reuters агенттиги жарыялаган видеодо АКШ лидерин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жубайы Сара менен, президент Ицхак Герцог жана Трамптын кызы Иванка Трамп тосуп алганы көрсөтүлгөн.
“Согуш бүттү. Түшүндүңөрбү, согуш бүттү,” - деди Трамп Вашингтондон Израилге учуп бара жаткан Air Force One учагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Президент согуштан кыйраган Газаны кайра калыбына келтирүү иши дароо башталарын кошумчалады.
Трамптын Израилге сапары ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) тобу туткундарды бошото баштаган учурга туш келди.
Өткөн аптада Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында түзүлгөн келишимдин биринчи баскычында туткундарды бошотуу маселеси каралган.
13-октябрда ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) Кызыл чырым уюмунун өкүлдөрүнө эки жылдан ашуун барымтада отургандардын баарын өткөрүп берди. Бул 2023-жылдын октябрында Израилге кол салуудан кийин Газа тилкесинде башталган тынчтык сүйлөшүүсүнүн башкы талабы болчу.
Барымтадагыларды өткөрүп берүүдөн мурда израил медиасы бошотуу эки баскыч менен өтө турганын кабарлаган. Биринчи топ мурда айтылгандай, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00до Нецарим коридорунан, калгандары саат 10:00до Хан-Юнисте кайтарылмак.
ХАМАС мындан тышкары барымтада каза болгон 28 адамдын сөөгүн да өткөрүп берери айтылды.
Трамп сунуштаган тынчтык келишимин ишке ашыруу планынын биринчи баскычына ылайык өткөн жумада Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу астында Израил менен ХАМАСтын (АКШ менен Европада террордук уюм катары таанылган) сүйлөшүүсү өткөн.
Өткөн аптанын жумасынан бери тилкеде ок атышуу токтоп турат. Азырынча Газанын жана ХАМАСтын келечеги тууралуу келишим жок. (AiA)