13-октябрда Словакиянын чыгыш тарабында эки поезд кагылышып, бир вагон рельстен чыгып кеткен. Бул тууралуу өлкөнүн "Тез жардам" кызматы жана полиция билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
Алгачкы маалыматка караганда кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок. Полициянын билдирүүсүндө кырсык чыгыштагы Кошице шаарына жакын жайгашкан Яблонов-над-Турноу айылына кире бериштеги туннелдин алдында болгон.
"Тез жардам" кызматы 16 адам орточо жана оор жаракат алып, дагы 50 жүргүнчү жеңил жаракат алганын билдирди. Маалыматка караганда, кырсык дүйшөмбү күнү эртең мененки саат ондо болгон.
Полиция алдын ала маалыматтарга таянып, эки поездде болжол менен 80 жүргүнчү болгонун кабарлады. Өлкөнүн Темир жол башкармалыгы кырсыктын себептери иликтенип жатканын билдирди.
Associated Press агенттиги Словакиянын ички иштер министрине шилтеме кылып, эки жүргүнчүнүн абалы оор экенин жазды. (AiA)