Өлүм жазасы: Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

13-октябрда Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти өлкө президентинин администрациясы иштеп чыккан.

Долбоордо Конституциянын 25-беренесине жаңы норма киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, ар бир адамдын жашоо укугу ажыратылгыс деп белгиленгени менен өлүм жазасы балдарды зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Мыйзам долбоору 28-октябрга чейин коомдук талкууга коюлат. Президенттин администрациясы документке байланыштуу пикир жана сунуштарды онлайн кабыл алары белгиленген.

Буга чейин президент Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү маселеси эл менен кеңешкенден кийин чечиле турганын билдирген.

27-сентябрда Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеванын өлүмүнөн кийин президент Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу демилгесин көтөрдү. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү” сунуштап жатканын билдирген.

1998-жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. 2010-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошумча Экинчи факультативдик протоколду ратификациялаган. Бул документ өлүм жазасын толук жоюуну талап кылат жана андан четтөөгө же баш тартууга жол бербейт. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат. (AiA)

Дагы караңыз

Касымалиев административдик ресурсту колдонууга жол берилбесин айттыТуризм фондунун жетекчиси болуп Адилет Жанузаков дайындалдыХАМАС туткундарды, Израил абактагыларды бошотту