Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында өткөн саммитте Газа жана Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу боюнча декларацияга кол коюлду. Бул документке Израил менен ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп табылган) ортосундагы келишимге ортомчулук кылган АКШ, Катар, Египет жана Түркиянын лидерлерлери кол коюшту.
Газадагы согуштун аякташына арналган Тынчтык саммитинде АКШ баш болгон жыйырмага жакын өлкөнүн лидерлери катышты. Алардын арасында Германия, Британия, Франция, Түркия, Азербайжан жана бир катар Араб жана Европа өлкөлөрүнүн жетекчилери бар. Орусия бул саммитке чакырылган эмес.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жыйынга чакыруу алып, бирок жөөттөрдүн Симхат Тор деп аталган майрамына шылтап, саммитке барган жок. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас жыйынга катышты.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп тынчтык саммитине катышуу үчүн Египетке Израилден келди. 13-октябрда ХАМАСтын согушкерлери барымтадагы 20 туткунду, ал Израил түрмөлөрүнөн жүздөгөн палестиналыкты өткөрүп берди.
Шарм-эш-Шейхдеги саммитке Египет жана АКШ президенттери төрагалык кылышты. Жыйындагы сөзүндө Трамп акыркы келишимди тарыхый деп атап, “акыр-аягы Жакынкы Чыгышта тынчтык орноду” деп билдирди. Ал “Үчүнчү дүйнөлүк согуш Жакынкы Чыгышта чыгат дешсе, эми ал нерсе болбойт” - деп ишендирди.
АКШ президенти Газаны калыбына келтирүү иши башталарын кошумчалады.
Ал эми Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси болсо Газа боюнча келишим “адамзат тарыхындагы аярлуу бөлүмдү жаап, тынчтык жана туруктуулуктун жаңы доорун ачууда” - деп билдирди. Ал Газаны калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференция өткөрүүнү пландап жатканын да маалымдады.
Израил менен ХАМАС тобу ок атууну токтотуп, эки жылдан бери куралчан топ кармап турган барымтадагыларды бошотуу жана Газадагы бир катар позициялардан израилдик аскерлерди чыгарууга келишимине келген. Бирок азырынча Газа тилкесин ким башкарат, ХАМАС курал-жарагын толугу менен таштайбы жана Палестинанын башка аймактары боюнча бир катар суроолорго так жооп жок.
Буга чейин жарыялаган АКШ президенти Дональл Трамптын планы боюнча ХАМАС толугу менен курал-жарактан арылса, Газаны технократтардан куралган убактылуу өкмөт башкарышы керек болчу. Бул түзүмдү АКШ жана бир катар Араб өлкөлөрү түзгөн эл аралык турукташтыруу күчтөрү колдоо алмак. Бирок Израил да, ХАМАС да Трамптын тынчтык планынын бардык пунктарын аткарууга макулдугун билдире элек.