УКМК мыйзамсыз лотерея уюштурган кылмыштуу топ кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте мыйзамсыз лотерея өткөргөн уюшкан кылмыштуу топ аныкталып, шектүүлөр кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын кабарлашынча, кылмыштуу топ “Лотереялар жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн документтери жок “Ош сила” аттуу лотерея уюштуруп, алдамчылык схема түзүшкөн. Алар катышуучулардын акчасын алып, жасалма жеңүүчүлөрдү аныкташкан.

УКМК шектүүлөр лотереяга катышуучуларды тартуу үчүн автоунаа, батир сыяктуу кымбат баалуу байге коюларын жарыялап, жеңүүчүлөр даярдалган өз кишилери болгонун аныкташкан.

“Жеңүүчүлөр атайын дайындалган (жалган) адамдар болгон жана бардык байгелер лотереянын уюштуруучуларында калган. Жасалма байгелер менен карапайым жарандарды адаштырып, алдамчылык иштеринен түшкөн пайданы көбөйтүшкөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат шектүү топтун кеңсесин тинтүү учурунда далил буюмдар табылганын кабарлады. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен иш козголуп, эки шектүү тергөө абагына камалды.

УКМК Кыргызстанда лотереяны “Мамлекеттик лотерея компаниясы” өткөрөрүн белгилеп, жарандарды ар кандай билет сатып албоого жана мыйзамсыз лотереяларга катышпоого чакырат. (TSh)

Дагы караңыз

“Шератондогу" чырга байланыштуу сот чечими чыкты