Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган башчысы Реми Дюфло расмий кызматка киришти.
13-октябрда ал кыргыз президенти Садыр Жапаровго ишеним громатасын тапшырып, жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты арттыруу маселеси талкуулаган.
Реми Дюфло Европа Биримдигинин түзүмдөрүндө 2004-жылдан бери иштейт. Ал бул уюмдун Молдовадагы, Украинадагы өкүлчүлүктөрүндө кызмат өтөгөн.
2021-жылдан бери Дюфло Евробиримдиктин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары болуп турган. Евробиримдиктин Бишкектеги буга чейинки өкүлү Мэрилин Йосефсондун дипломатиялык миссиясы быйыл февралда аяктаган.